Россияда 19 жаштагы кыз ур-токмокко кабылды
Поделиться в:
Россияда 19 жаштагы кыздын сабалгандыгы туурасында тараган маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилиги териштирди. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирет.
Элчиликтин кызматкерлери Москвадагы шаардык клиникалык ооруканага барды. Ал жерден жабыр таркан 1998-жылы туулган кыргыз жараны М.Ч.га жолукту. Ал баш мээсинен жаракат алган, учурда абалы канааттандырарлык.
Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп, анын натыйжасында Россиянын ИИМ тарабынан Москва шаарынын тургуну кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content4444
Добавить комментарий ×