Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө ипотека менен турак жай берүү каралууда
Поделиться в:
Кыргызстанда аз камсыз болгон жарандарга ипотека менен турак жай берүү долбоору иштелип чыгат. Бул тууралуу "sputnik.kg" сайты "Мамлекеттик ипотека компаниясы" (МИК) ААКсына шилтеме берип маалымдады.
Аталган долбоорду Немис өнүктүрүү банкы каржылайт. Тиешелүү келишимге июлда МИКтин өкүлдөрү жана Кыргызстандын каржы министрлиги менен Немис өнүктүрүү банкы ортосунда кол коюлган.
Биринчи этабында өлкөнүн элет жерлеринде ипотекалык насыя берүүнү өнүктүрүүгө багытталып 11 миллион евро бөлүү каралууда. Турак жай куруу жана сатып алуу үчүн каражат жакыр жана орточо шартта жашаган үй-бүлөлөргө берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/content4440
Добавить комментарий ×