Экологиялык коопсуздук жана өнөр жай нормаларын сактоо маанилүү
Поделиться в:
Алтын казып алууда өнөр жай коопсуздугун жана экологиялык нормаларды сактоо негизги фактор болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 24-июлда, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу Иштамберди алтын кениндеги «Фулл голд майнинг» ишканасынын ишмердүүлүгүн карап чыкканда билдирди.
Бул фабрикада 713 адам эмгектенет. Алардын 100 чет элдик жарандар болсо, калганын жергиликтүү жумушчулар түзөт. Бир жыл мурда 2016-жылдын июнь айында бул жерде жабдыктарды модернизациялоо иштери аяктаган. Жаңы техникаларды ишке киргизүү ишкананын өндүрүмдүүлүгүн бир топ жогорулатты.
Ала-Бука районунун мамлекеттик райондук администрация башчысы – акими Сонунбек Акпаралиев былтыр 2016-жылы фабрика жергиликтүү бюджетти колдоого 61 млн сом которгондугун билдирди.
Аны менен бирге Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды жумушка тартып, жаңы жумуш орундарын түзүү керектигин баса белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content4422
Добавить комментарий ×