Атамбаев Түркмөнстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

25 июля 2017 12:26 438 Barometr
Поделиться в:
ok
Кечээ, 24-июлда түркмөн тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактын жана көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенишүүнүн маселелери талкууланды. Эки тараптуу байланыштарды бардык багыттар боюнча өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендиги белгиленди. Андан тышкары дүйнөлүк экономика жана саясаттын өнүгүшүнө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content4390



Добавить комментарий