Аскат Алиев: «Элчиликте тынымсыз иш, мигранттардын көйгөйүн кароо, жардам берүү иштери болуп турат»

7 января 2017 17:42 560 Barometr
Поделиться в:
ok

 

-Аскат Саматбекович , Россияда мигранттардын көбү кайсыл укугун билбей кара тизмеге илинип калышууда?

- Кыргызстандан келген көп мигранттарыбыз Россияда жүрүү эрежелерин билишпейт.   Каттоо эрежелерин бузгандар 30 күндөн кийин административдик  айып акчалары барлар, убагында төлөбөгөндөр кара тизмеге түшөт. Тилекке каршы эмгек келишимин түзбөй иштегендер дагы  арбын экени баарыбызга маалым.

-Ушул жылдын башталышы менен  мгранттар милдеттүү түрдө медициналык жардам ала алышат дешкен. Бул маалымат ишке аша баштадыбы?

-Ооба ишке аша баштады. 2017-жылдын январь айынан баштап, бажы биримдигинин келишимине ылайык Россиянын аймагында жүргөн  жарандарыбыз кадимки эле жарандардай  медициналык жардам ала башташты. Буйруса бажы биримдигинин талаптарына ылайык мигранттарыбызга дагы жеңилдиктер каралат деп ишенебиз.

-Мигранттар дайыма  биздин өкүлчүлүктөрдүн ишине нааразы. Дайыма жардам бербейт деген  сөздү айтып келишет.   Негизи эле сиздерде тейлөө сапаты кандай?

-Өзүм элчиликте 2 жылдан бери иштеп,  ичинен кызматкерлердин  ишин өз көзүм менен көрүп алардын жасаган оор иштерин түшүнүп атам.Буга чейин мен деле эмне иш кылышат деп ойлочумун. Мигранттар менен түзмө-түз ишти консульство жүргүзөт. Бир жумада (5 күндө) 500-600 кишини ар кандай суроолор менен кабыл алышат. Кечинде 8-9 га чейин олтуруп иштешет. 6 куну келип кагаздарды ирээтеп орду ордуна салышат.  Кыскасы элчиликте тынымсыз иш, мигранттардын көйгөйүн кароо, жардам берүү иштери болуп турат.

-Ошончо кишиден нааразы болуп  чаң салгандар ыраазы болгондор дагы жок болбосо керек?

Колуна мыйзам түрүндө документтери тийгендери ыраазы брлуп кетишет.

Мисалга алсак көбү келип бүгүн эле тезиреек документтерди бүтүрүп бергиле деп келишет.  Мисалы мекенге кайтуу күбөлүгүн алгысы келди дейли. Ал дароо эле жазып бере салгыдай аныктама эмес да. Анын өзүнүн жол жобосу, берүү жолдору бар.  Ошондуктан бир нече күн кармалып калат, анан нааразычылыктар башталат. Андай документтер үчүн мыйзам чегинде акча төлөшөт, анан элчилик акча сурайт деген нааразычылыктар пайда болуп турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content439



Добавить комментарий