Ош шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы башталды
Поделиться в:
Бүгүн, 25-июлда Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IX сессиясы болуп жатат.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Кезектеги сессиянын күн тартибине алты маселе коюлган.
1. Жылуулук-энергетикалык компекс мекемелеринин 2017-2018-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө;
2.Ош шаарындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө;
3. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө;
4. Ош шаардык участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервдерине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин кароо;
5. Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилекелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө;
6. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө;
Ссылка: https://barometr.kg/content4385
Добавить комментарий ×