Кыргызстанда жогорку категориядагы спортчулар 45 миң сомдон стипендия алышат

25 июля 2017 09:20 346 Barometr
Поделиться в:
ok
Кыргыз өлкөсүнүн 8 спортчусу 45 миң сомду түзгөн жогорку категориядагы стипендияны алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев "super.kg" сайтына билдирди. Анын айтымында, мыкты спортчулардын социалдык коргонуусун жакшыртуу жана эл аралык аренада жакшы натыйжаларга өбөлгө түзүү максатында Кыргыз өлкөсүнүн спорт түрлөрү боюнча курама командаларынын өкүлдөрүнө стипендия каралган. Стипендиаттардын саны 284 кишини түздү. Стипендиялар 7 категорияга бөлүнгөн, анда 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин акчалай сыйлык каралган. Жогорку категориядагы стипендиянын ээлери: •Эламан Догдурбек уулу - спорт чебери. Эркин күрөш боюнча 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда 3-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом. • Иззат Артыков - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча мелдеште ийгилик жараткан. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом. • Ильгиз Каналбек уулу - спорт чебери. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом. •Арсен Эралиев - спорт чебери. 2015-жылы грек-рим күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 5-орунду ээлеген жана 2016-жылы Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында грек-рим күрөш боюнча 5-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом. •Эсен Калиев - спорт чебери. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалынын ээси жана Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом. • Жыргал Орозбаев - спорт чебери. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунга ээ болгон жана Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 6-орунду ээлеген. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом. •Айсулуу Тыныбекова - эл аралык категориядагы спорт чебери. Бразилиянын Рио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө 5-орунга ээ болгон. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом. •Каныбек Жолчубеков - спорт чебери. Грек-рим күрөш боюнча студенттер арасындагы Дүйнө чемпиону. Стипендиянын өлчөмү 45 миң сом.

Ссылка: https://barometr.kg/content4372



Добавить комментарий