Атамбаев: Мени Эркин Мамбеталиев менен байланыштырбагыла. Ал менден Рыспекке кеткен

24 июля 2017 15:56 1642 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 24-июлда болгон басма сөз жыйынында президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аны Эркин Мамбеталиев менен байланыштырбоого чакырды.

 Журналист президент Ички иштер министри менен Мамбеталиевдин иши тууралуу талкууладыбы жокпу кызыккан суроо узаткан эле. Белгилей кетсек, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Мамбеталиев мыйзамсыз курал сактаганы үчүн кармалган. Атамбаев Мамбеталиев 14 жыл мурда анын жансакчысы болгонун эскертти.

“Андан бери канча жыл өттү, ал андан кийин Рыспектин тобунда болду. Анан калса Рыспек мени өлтүрөм деп коркуткан. Мени Мамбеталиев менен байланыштырбагыла”,-деп айтты президент.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4363



Добавить комментарий