Шаар мэри болуп шайланган мышык Аляскада көз жумду

24 июля 2017 14:52 685 Barometr
Поделиться в:
ok
Сбаббс аттуу мышык Аляскадагы Талкитна шаарынын мэри болуп кызмат кылган. Мэр 20 жаш курагында көз жумду.
 
Сбаббс 1998-жылдан бери  900 калкы бар шаардын мэри болгон. Жаныбар  абсолюттук көпчүлүктүн добушун алып, шайлоодо шаардын мэри болуп шайланган.
 
Талкитнанын мэри катары мышыкты тургундар расмий башкаруунун жоктугунан улам  дайындашкан. Бул кандайдыр бир аймакка түздөн-түз баш ийбеген шаар болуп эсептелет. Бул тууралуу “New York Daily News” билдирет.
 

Эскерте кетсек Сбаббс – дүйнөлүк практикада биринчи мэр болуп шайланган жаныбар эмес. Шарон (АКШ) шаарынын мэри Фредди аттуу мышык болуп саналат. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4356



Добавить комментарий