Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

24 июля 2017 10:47 578 Barometr
Поделиться в:
ok

 23-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:36да силкинүү күчү 4.5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Сейсмология институтунан кабарлашты.

 Институт берген маалыматка таянсак, жер титирөө Кыргызстандын Нарын шаарынан 62 чакырым түштүк батышта болгон.

 Нарын областынын райондорундагы айылдарда силкинүү күчү Ак - Булак, Кара – Булак айылдарында 4 баллга, Куланак 3,5-4 баллга, Баетов, Эмгек - Талаа, Кара - Суу, Кара – Булуң, Кызыл - Туу 3,5 баллга, Кадыралы, Ат – Башы айылдарында 3 баллга,  Нарын шаарында 2,5 баллга сезилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4328



Добавить комментарий