Жаңы окуу жылынын башталышы менен 775 мектеп интернет байланышына кошулат

22 июля 2017 13:17 439 Barometr
Поделиться в:
ok
Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат, анын ичинде 608 интернетке кошулду, калган мектептер боюнча 2017-жылдын сентябрына карата аягына чыгарылат. Анын иичнде 27 мектеп өлкөнүн чек ара райондорунда жайгашкан. Бул тууралуу кечээ, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.
 
Өкмөт башчы эске салгандай, республикада билим берүү тармагына сезилээрлик каражаттар бөлүнүүдө.
 
Өкмөт башчы Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине 2017-жылдын 1-сентябрына карата коюлган тапшырманы аткарууну тапшырды.
 
Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева маалымдагандай, бул максатта республикалык бюджеттен 2017-жылы 111,8 млн сом каралган. Ал эске салгандай, буга чейин 467 мектеп интернетке кошулган. Сентябрда буга дагы 775 орто окуу мекемеси кошулат. Муну менен республикадагы 60 % мектептер интернет түйүнүнө туташтырылат.
 
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, калган бардык мектептер интернетке 2018-жылы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында туташтырылат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4303



Добавить комментарий