Казак ырчысы Димаш MTV Music Awards сыйлыгына ээ болду

21 июля 2017 18:05 473 Barometr
Поделиться в:
ok

Казак ырчысы Димаш Кудайбергенов Кытайдын Шенжень шаарында MTV Music Awards сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ырчынын PR-директору Алпамыс Шаримов дүйнөдөгү эң перстиждүү сыйлыктардын бири Димаш Кудайбергеновго 40 миңдей адамдын алдында тапшырылганын айткан.

"Буга чейин ырчы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканда MTV Music Awards сыйлыгына көрсөтүлүшү мүмкүн экендигин билдирген. Ошондой эле ал масштабдуу уюштурулган, жандуу үн менен концерт берүүнү кыялданарын айтып, президентке ыраазычылыгын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Димаш Кудайбергенов "Эл аралык деӊгээлдеги популярдуу ырчы", "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" аталып, Кытайда болуп өткөн "I am a Singer" музыкалык сынагынын финалында экинчи орунду багындырган.

Ссылка: https://barometr.kg/content4283



Добавить комментарий