Адамдын акыркы сөзүн жаттап калган тоту куш кылмышты ачууга жардам берди

21 июля 2017 16:31 1500 Barometr
Поделиться в:
ok
АКШнын Мичиган штатында тоту куш укук коргоо органдарына оор кылмыштын бетин ачууга жардам берди. Бул тууралуу “Дни.ру” сайты маалымдады. 
 
Тоту куштун жардамы менен 2015-жылы күйөөсүн атып өлтүргөн Гленна Дурам темир торго кесилди.
 
Башында аял өз-өзүнө кол жумшамак болгон, бирок ою жүзөгө ашпагандан кийин, күйөөсүнө беш жолу ок чыгарган. Мунун баарына күбө болгон Бад деп аталган тоту куш эркек кишинин өлүм алдындагы  акыркы айткан сөздөрүн эске сактап калган. Окуя болгон күндөн баштап жаратылыштын өзгөчө канаттуусу  маркумдун отпа” деген сөзүн күн сайын кайталай берген. 
 

Тоту куштун бул аракети  полициянын күдүктөөнүүсүн туудурган. Ушундайча күйөөсүн өлтүргөн аял күнөлүү деп табылып, түрмөгө камалды.
 
Тоткуш өзү сот процесине катышкан жок.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4280



Добавить комментарий