Куруучу каза тапкан "Мерибелл Иншаат" компаниясына 7 500 сомдук айып пул салынабы?
Куруучу 6-кабаттан кулап кетип каза тапкан объектинин ээлери аны жерге берүү зыйнатынын баардык чыгымдарын көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Barometr.kgге Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери башкармалыгынын башчысы Бакытбек Жолчиев билдирди.
Анын айтымында, учурда "Мерибелл Иншаат" компаниясынын объектисинде болгон кырсык тууралуу изилдөө иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары ооруканада жаткан экинчи жабырлануучунун дарылануусуна көмөк көрсөтүлдү.
Barometr.kgнин “куруучу компанияны кандай жаза күтөт?” деген суроосуна чиновник: “Эгерде коопсуздук техникасы бузулганы аныкталса компанияга 7 500 сомдон ашык административдик айып пул салынат. Эгерде олуттуу эреже бузуу катталса балким кылмыш иши козголот”.-деп жооп берди.
Эскерте кетсек, 19-июлда Бишкекте курулуп жаткан объектинин 6-кабатынан эки куруучу кулап кетип, анын бир каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content4271
Добавить комментарий ×