Токтайым Уметалиева президенттикке талапкерлигин көрсөттү

21 июля 2017 13:24 482 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президенттик кызматына өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу кыргыз жараны, 1962-жылы 4-апрелде туулган, Өкмөттүк эмес уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрагасы, балдар-өспурумдөр “Ай-Данек” редакциясынын башкы редактору, Уметалиева Токтайым Джумаковнадан арыз келип түштү. Бул туурасында КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

2017-жылдын 20-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 29 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев,Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, ТурсунбайБакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, С.Жапаров, Т.Уметалиева).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партиякөрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясийпартиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясийпартиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы).

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4258



Добавить комментарий