Нарын дайрасына агып кеткен 4 жашар бала изделүүдө

21 июля 2017 10:50 523 Barometr
Поделиться в:
ok

  Куткаруучулар үч күндөн бери Нарындагы жол кырсыгынан улам Чоң-Кажырты суусуна агып кеткен 4 жашар баланын денесин издеп жатышат.

ӨКМдин маалыматы боюнча «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаа 18-июлда сууга кулап кеткен. Унаада төрт адам болгон, алардын үчөөсү суудан чыгышкан, ал эми 4 жашар баланы суу агызып кеткен.

Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык берген эмес. Издөө иштери бүгүн улантылат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4246



Добавить комментарий