Ысык-Көлдө жол кырсыгынан айдоочу каза тапты
Поделиться в:
Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунда «Ситроен-Пикасо» үлгүсүндөгү унаа талды сүзүп, айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жол кырсыгы жогоруда айтылган жолдун 50-километринде орун алган. ӨКМдин билдиришинче аварияга 68 жаштагы унаанын айдоочусу уктап кеткени себеп болгон.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлүп, айдоочунун денесин туугандарына өткөрүп беришти. Жеринде эки куткаруучу иштеди.
Ссылка: https://barometr.kg/content4241
Добавить комментарий ×