Футбол талаасындагы 250 градус ысык эки козуну куурдак кылды

20 июля 2017 17:16 913 Barometr
Поделиться в:
ok
Окумуштуу-вулканологдордун көңүлү Мексиканын Мичоакан штатындагы өзгөчө табигый кубулушка бурулган. Жергиликтүү жашоочулар  футбол талаасынын бетиндеги 250 градуска чейин ысыган буунун,  жаракалардан пайда болгон магманын видеосун тартып алышкан. Бул тууралуу "life.ru" сайты маалымдайт.
 
Окумуштуулардын айтымында, жаңы жанар тоонун пайда болуп жатканына окшош болуп жатат, бирок Мичоаканда жер кабыгынын мындай табигый көрүнүш буга чейин катталган эмес. Бул деген мурда-кийин изилденбеген табигый көрүнүштүн пайда болушу мүмкүн дешүүдө.
 
Мексика Улуттук автоном университетинин  лабораториясында тесттик аномалдык талаа менен жер кыртышынын жана магманын үлгүлөрүн изилдеп жатышат. Ал эми жергиликтүү жашоочулар белгисиз элементтердин биринчи жабыр тарткандарын кабарлашууда. Алар аталган жерден анча алыс эмес аймакта оттоп жүргөн  эки козу болду.  Жаныбарлар талаа аймагына кирип кетип, заматта  кайнаган лава бууларына  тирүүлөй бышып калышкан.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4226



Добавить комментарий