Ош шаары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун “Дени сак шаарлар” программасына кошулат

20 июля 2017 16:32 445 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 20-июль Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы региондук бюро программасынын жетекчиси Моника Косинска менен жолугуп, “Дени сак шаарлар” программасы туурасында кеңири талкуулашты.

Вице-мэр А.Топчубаев  Ош шаарынын мэриясы акыркы үч жылда медицина тармагында эмгектенген орото жана кенже кызматкерлердин коммуналдык төлөмдөрүнө, ооруканалардын техникалык базасын жаңылоого жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын айтып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ден соолуктуу шаар программасына кошулуу менен саламаттык сактоодогу айрым көйгөйлөр  чечилет деген үмүттөбүз деп  кошумчалады.

Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы региондук бюро программасынын жетекчиси Моника Косинска “Дени сак шаарлар”программасы 30 жылдан ашуун өз ишмердүүлүгүн жүргүзөп келе жаткандыгын айтты.

“Дени сак шаарлар программасы 5 багыт менен иштеп келе жатат. Өткөн жылы аталган түйүнгө Казакстандын Алма-Ата шаары кошулган.  Быйыл Кыргызстандагы Бишкек жана Ош шаарларын чакырып жатабыз. Негизги максат ар бир жаранга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен,  дени сак мамлекетти куруу болуп саналат. Андыктан биз медицина тармагына жардам беребиз”,- деди М. Косинска.Белгилей кетсек “Дени сак шаарлар” программасына кирген шаарлар ар 5 жыл сайын жолугушуу өткөрүп, тажырыйба алмашышат.

Кийинки жылы мындай жолугушуу Улуу Британияда 3000ден ашуун  бийлик өкүлдөрүнүн жана ак халатчандардын катышуусунда боло тургандыгын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү билдирди.  Ал эми вице-мэр А.Топчубаев аталган программага кошулууга Ош шаары кызыктар экендигин жыйындын соңунда билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content4223



Добавить комментарий