Атамбаев: Түрк тилдүү элдердин жалпы орток тилге өтүүсү ишке ашпаган идея

20 июля 2017 16:27 393 Barometr
Поделиться в:
ok
Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдердин форумунда” сөз сүйлөгөн учурда билдирди. Мамлекет башчы коомчулукта латын арибине өтүү экономикага пайда деген сөздөр болуп жатканын белгилеп, бирок Кытай, Жапония ансыз эле өнүгүп жатканын айтты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңлыктар кызматы билдирет.
- Өнүккөн Кытай, Жапонияны көрүп атпайбызбы. Аларга иероглифтери тоскоол болдубу? Латын арибисиз эле өнүгүшпөдүбү. Түрк тилдүү элдердин жалпы орток тилге өтүүсү да ишке ашпаган идея. Бир тууган хакас, алтай элин да карайлы. Алар шартка байланыштуу кошула албайт. Биздин тамырыбыз бир. Бул нерсени унутпашыбыз керек.
 
Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан форумга 12 өлкөдөн, 20дан ашуун элдин өкүлдөрү, тарыхчы, филолог, маданият таануучу (культуролог), антрополог, этнолог, лингвист жана фолклорду изилдөөчүлөр катышууда.
 
Анда Евразиядагы Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый, этностук, тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөр, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.
 
Форум 21-23-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылып, анын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/content4222



Добавить комментарий