Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан 8 адам каза болду

20 июля 2017 10:57 408 Barometr
Поделиться в:
ok
Бишкек-Ош жолунун 468-чакырымында унаа кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады
 
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июль күнү саат 06-30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 468-чакырымында Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында жол кырсыгы катталган. Автоунаа кырсыгынын кесепетинен “Хонда Одиссей”, оор жүк ташуучу “МАН” үлгүсүндөгү автоунаа жана “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышып, 8 адам каза болгон.
 
“Кырсыкка кабылган “Хонда Одиссей” автоунаасында 6 адам жана “МАН” унаасында 2 адам болгон, алардын абалдары канааттандырарлык. Ал эми “Хонда Степвагон” унаасында 9 адам болгон, алардын ичинен 8 адам окуя болгон жерде мүрт кеткен. Унаанын айдоочусу Шамалды-Сай шаардык ооруканасына тез жардам унаасы менен жөнөтүлгөн, абалы оор”,- деп айтылат маалыматта.
 
Учурда ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Бекиловдун жетекчилигинде ыкчам топ кырсык болгон жерге барып, кырдаал боюнча жумуш алып барууда.
 
Андан сырткары ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-ӨИКОнун 8 куткаруучусу Камаз унаасында чыгышып, окуя болгон жерге барышып, куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле шаардык Ички иштер бөлүмүнөн 2 топ, медицина кызматынан 1 топ окуя болгон жерде жумуш жүргүзүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content4202



Добавить комментарий