Антонина Шевченко ММА эрежелери боюнча англиялык мушкер менен беттешет
Поделиться в:
Кыргызстандык спортчу 2003чү жана 2005-жылы ММА боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. Андан бери ММА уюмунун эрежеси боюнча күч сынашууну токтоткон.
Жекеме-жеке урушуу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Антонина Шевченко 2005-жылдан бери биринчи жолу ММА эрежелери боюнча англиялык мушкер Керри Хьюз менен беттешет. Бул тууралуу MMA Fighting порталы жазып чыкты.
Мелдеш 22-сентябрда Лондондо Phoenix Fighting Championship турниринин алкагында өтөт. Антонина Шевченконун апасы Еленанын айтымында, кызы 2003чү жана 2005-жылы ММА боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон. "Андан бери кызым ММА боюнча мелдештерге катышкан эмес. Азыр ага сунуш келип түштү, эми күчүн сынап көрөт", — деди ал.
Антонина Шевченко муайтай жана К1 мушташы боюнча дүйнөнүн чемпиону. Андан сырткары, кикбоксинг жана тай боксу боюнча титулдары бар.
Ссылка: https://barometr.kg/content4197
Добавить комментарий ×