Түркмөнстанда жогорку окуу жайларда бекер окуу жоюлуда

20 июля 2017 10:37 417 Barometr
Поделиться в:
ok
Түркмөнстанда жогорку окуу жайлардын абитуриенттери документтерин тапшырып жатканда гана окууга акы төлөнөрүн угушту. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирет.
 
Ашхабаддык Сердар аттуу абитуриент Коомдук чарба институтуна документтерин өткөргөнү барып, окууга акы төлөнөрүн билген. Мындан улам ал окуу жайга тапшыруудан баш тартууга аргасыз болгонун айтууда. Сердар жогорку окуу жайга тапшыруунун шарттарында акы төлөө боюнча маалымат камтылбаганын баса белгиледи.
 
Бул арада өлкөдөгү бир нече окуу жай акы алып окутуу формасына өттү. Бул маалыматты “Азаттыктын” түркмөн кызматына Элдик чарба институтунан дагы тастыкташты.
 
Бул жаңылык өз күчү менен жогорку окуу жайга тапшырып, стипендия алып окууну каалаган абитуриенттерди кабатыр кылууда. Балдарын акы төлөп окутууга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү жетпейт.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов былтыр өлкөнү өнүктүрүү үчүн жогорку категориядагы билимдүү адистер керектигин, бул үчүн акы төлөп окуу формасына өтүү зарылдыгын билдирген.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4196



Добавить комментарий