Сауд Аравияда кыска юбка кийген кыз камакка алынды (видео)
Поделиться в:
Байыркы Ушайкир шаарында кыска юбка кийген кыздын сейилдеп жүргөн видеосу социалдык тармакта кызуу талкуу жараткандан кийин Сауд Аравия бийлиги аны камак алды. Бул тууралуу “NUR.KZ” сайты маалымдады.
Ал мусулман өлкөлөрүндө катуу кийим кодексине карама-каршы келген, "денеге жабышып турган кийим" кийип жүргөндүгү үчүн Эр-Риядда кармалган. Полиция ишти прокурорго тапшырып берген.
Ал эми социалдык тармакта колдонуучулардын пикири экиге бөлүнүп, башкалар анын кайраттуулугун колдоого алышса, ал эми кээ бир кызды камаш керек деген ойлорун билдиришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content4169
Добавить комментарий ×