Дарыгерлер жапырт кызматтан кете баштады

19 июля 2017 13:48 1463 Barometr
Поделиться в:
ok
Кыргызстанда жыл башынан бери  600 дарыгер жумушун таштап кеткен. Бул тууралуу "24.khabar.kz" маалыматы билдирет.
Айлык акынын азыдыгы, мамлекеттик жөлөк пулдардын жоктугу ушундай жагдайга мажбурлоодо. Ошону менен бирге медициналык окуу жайды бүтүргөн бүтүрүчүлөрдүн көпчүлүгү айыл жергесине барып иштөөдөн баш тартышууда. Ошого байланыштуу азыр өлкөдөгү медицина мекемелеринде, өзгөчө айыл аймактарында дарыгерлердин жетишсиздиги байкалууда. Жыл ичинде 600 дарыгер жумуштан чыкса, 612 жаш адистер кызматка алынган. 
 
Мындай көрсөткүч көңүл жылытаарлык болсо дагы, тажрыйбалуу дарыгерлердин жапырт жумуштарын таштап кетүүлөрү кооптонтууда.  Анын кесепетинен көп жерде кесипкөй адистер жетишпей келет. Өзгөчө бул жагдай айыл жерлеринде курч байкалат.  
 
КР саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчисинин төрагасы Айбар Султангазиев: “Эң негизги себеп – маянанын аздыгы. Өзгөчө жаш дарыгерлер көпкө чыдашпайт.  Анткени алар башында болгону 3 миң сом өлчөмүндөгү айлык алышат. Ал кесипкөй даргерлер азыр жеке клиникаларга кетип жатышат".
 
Өлкөнүн  саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, адистердин жапырт кетүүсү Чүй жана Ош облустарында анык байкалат.  Ал эми  бул – Кыргызстандагы экономикалык жагдайы жакшы аймактар. Башка чөлкөмдөрдө абал мындан да оор. Кээ бир айылдарда бир дарыгер жүздөгөн адамды тейлеп келет.
 
Ушуга байланыштуу министрлик жаш кадрларды айылга тартууга багытталган долбоорду ишке ашырууга киришти. КР саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм жетекчиси  Нурида Жусупбекова:  “ Медицина кызматкерлерин даярдаган окуу жайлардын билим берүү программасын өзгөрттүк. Тагыраак айтканда, алгачкы тажрыйбасын алар аймактарга барып, иш жүзүндө сынап көрүшмөкчү.  Бул жаш адистердин квалификациясын жогорулатып жана айылдарга болгон кызыгуусун артырууга жардам бермекчи".
 
Кыргызстанда азыр «Жаш дарыгердин  депозити» деген долбоор бар. Тактап айтканда айыл жергесинде иштеген кызматкердин айлыгына кошумча мамлекет тарабынан каржы бөлүнүп турат. Ал маянаны кызматкер белгилүү бир убакыт жумуш иштегенден кийин ала алат. Бирок, каржылык маселени түгөл чечүүгө жардам бере албайт. Анткени аталган долбоорду азыр 150 гана дарыгер колдонуп жатат.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4163



Добавить комментарий