Сириядан кайткан кыргызстандык теракт жасоону пландаган

19 июля 2017 13:45 627 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда теракт жасоого камынып жаткан, Сирияга барып келген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалыматка таянсак, 37 жаштагы М.Б. сирия-ирак аймагындагы согуштук аракеттерге катышып, атайын даярдыктан өтүп Кыргызстанда теракт жасоого камданып жаткан.

Анын жашаган жеринде 8 кг салмактагы жардыргыч заты, экстремисттик мүнөздөгү ар кандай электрондук маалымат булактары табылган.

Табылган жардыргыч зат жеринде жок кылынган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, ага карата кылмыш иши ачылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4162



Добавить комментарий