Жалал-Абадда көрүстөндөр казылып, сөөктөр көчүрүлүүдө

19 июля 2017 11:02 513 Barometr
Поделиться в:
ok

Мүрзөлөр Жалал-Абад облусунун Cузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында казылууда. Бул тууралуу ӨКМ берген маалыматка таянып 5news.kg булагы кабарлады.

Акчалуу айылында Акчалуу жана Ачы сел сайларынан акыркы жылдары келген сел суулары айылдын көрүстөнүн бузуп, көрүстөнгө коюлган маркумдардын сөөктөрүн агызып кеткен учурлар катталып, инфекциялык жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу жаралган.

ӨКМ билдиргендей, 1900-жылдан 2008-жылга чейин көрүстөнгө болжол менен 1200 адамдын сөөгү коюлган.

Жогорудагы көрүстөнгө коюлган сөөктөрдү башка жерге көчүрүү иштери КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Авариялык калыбына келтирүү” иш-чарасынын мерчемине киргизилип, 2017-жылдын 28-майынан тартып  башталган.

Бүгүнкү күнгө чейин көрүстөнгө 1100 адамдын сөөгү коюлганы  аныкталып, (152 сөөктүн аты-жөнү такталган, 948 сөөктүн аты-жөнү белгисиз). жалпы 1100 адамдын сөөгү казылып алынып, көчүрүү иштери 2017-жылдын 18-июлунда аяктаган.

Жалпысынан ЖЧК “Каскад“ ишканасынан 2  эксковатор, 1 Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 10 жумушчу тартылган.     

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4150



Добавить комментарий