“iPhone”дун «сырдуу» функциясы желеде кызуу талкуу жаратты
Поделиться в:
Дүйнөлүк желе колдонуучулары “iPhone” гаджетинин «сырдуу» функциясын талкуулашууда. Алардын кээ бири смартфондун жумуш үстөлүндөгү сааттын жебеси жөн гана жылбай, азыркы убакытты көрсөтөөрүн жакында гана билишкен. Бул тууралуу “Baq.kz” сайты билдирет.
«Ушу менен бешинчи “iPhone” ду колдонуп журөм, бирок сааттын жебеси жылып жатканын эми билдим», - деп жазган журналист Скотт Уилер.
«Саат жебеси жылып жатат! Өмүр кызык, мен эми өлүмдөн коркпоймун!», - деп тамашалаган Твиттердин дагы бир колдонуучусу.
Интернет колдонуучуларынын көчүлүгү саатын жебесин так убакытты көрсөтүүчү “iOS” операциялык системасын жаңылыгандан кийин байкаган.
«Саат жебелери качантан бери жылып баштаган? Акыркы жолу жаңылангандан кийинби? Же ар дайым ушундай беле?», - деп сураган Katie Parra.
Ошентсе да көптөгөн “iPhone” ээлери мунун эч кандай да жаңылык эмес экендигин белгилей кетишти.
Ссылка: https://barometr.kg/content4149
Добавить комментарий ×