19-июлда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

19 июля 2017 10:34 662 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33; Талас аймагында түнкүсүн +9...+14, күндүз +27...+32; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35; Баткен дубанында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27; Нарын облусунда түнкүсүн +7...+17, күндүз +22...+27;

Бишкек шаарында 19-20-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +31...+33 градус ысык болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4143



Добавить комментарий