Ошто 83 жаштагы абышка 79 жаштагы кемпирин мууздап салды

19 июля 2017 09:59 449 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарына жанаша жайгашкан Жапалак айылында 83 жаштагы  жергиликтүү тургун 79 жаштагы аялын бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.   

Окуя болгон жерге ыкчам топ барган кезде аял жерде канга боелуп жаткан. Анын моюнуна бир нече ирет бычак сайылган. Укук коргоо органдары  ул кылмышка шектүү деп аялдын күйөөсүн кармашты.

 Анын айтымында, абышка ошол күнү мас болуп келип аялы менен кечки тамакты ичип жаткан маалда чыр чыккан. Аял малга жем-сууну өз маалында бербей койгон экен. Кемпири катуу айтып койгон үчүн ал бычакты алып аны кекиртекке сайган. Аял кан кетип алсырап каза тапкан.

Учурда кылмыш иши козголду. 83 жаштагы тургун камакка алынды.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4134



Добавить комментарий