Милициялар эс албайт

30 декабря 2016 10:55 495 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда жаңы жылдык майрам учурунда ар кандай  кырсыктар,  бейбаштыктар, коомдук тартип бузуулар кайталанып кетпеси үчүн милиция кызматкерлери эс алуусуз иштешет.  29-декбардан 1-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеш үчүн өлкө боюнча 9 миңден ашык тартип сакчылары ишке тартылган. Оюн зоок өтүп жаткан жайларда, эл көп  барган жерлерде милиция кызматкерлери тартипти камсыздайт.  Мындан сырткары милициянын ыкчам иликтөө тобу, элдик кошуундар дагы тургундардын ден соолугун, коопсуздуктарын карап,  ар кандай окуялардын алдын алышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content412



Добавить комментарий