ВИЧ менен ооруган аялды эки баласы менен үйүнөн кууп чыгышты. Ага жардам керек

18 июля 2017 14:49 993 Barometr
Поделиться в:
ok

 Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун консультанты Елена Баялинова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына ВИЧ менен ооруган аялдын жана анын эки баласынын тагдыры тууралуу жазды.

  Анын айтымында, аял жардамга муктаж.

 “Кайгы анын тынч жашоосунун астан-кестеңин чыгарды. Айгүл он үч жыл күйөөсү менен жакшы жашоодо, бири-бирини сүйүп сыйлап жашап жатышкан. Жолдошу КамАЗ айдап алыскы каттамдарга чыкчу. 7 жана 8 жаштагы эки уулу бар. Бир жыл мурда күйөөсү алсырап, температура болуп, жөнөтүлүп ооруканага жаткан. Ал жактан аны СПИД экенин айтышып кеч болуп калганын маалымдашкан. Бир аздан кийин каза тапкан. Аял дагы текшерүүдөн өткөндө ал да ооруй турганы бир уулуна да инфекция жукканы аныкталды. Бирок уулу айыккан. Жесир калган аялды күйөөсүнүн туугандары көчөгө чыгарып салышкан, анын диагнозун уккан Бишкектеги баардык уюмдар ага баш калкалоочу жай беришкен эмес. Акыры Кызыл жарым ай коому ага жардам берип Бишкектеги жаңы конуштардын биринен  батир жалдап берген. Эми Айгүл өмүрүнүн акыры соңуна чейин дары ичиши керек жана эки баласын чоңойтууга тийиш”,-деп жазды Баялинова.

Айгүлгө идиш-аяк, балдар көрсүн үчүн телевизор сатып алууга,  балдарын мектепке даярдоого жардам берүүнү каалагандар (555) 758-255 номерине Елена Баялиновага чалса болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4107



Добавить комментарий