Бишкекте трубанын алдынан кишинин сөөгү табылды (абайлагыла фото!)
Поделиться в:
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кишинин сөөгүн таанууга көмөктөшүүнү сурайт. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Европа түспөлүндөгү эректин сөөгү 8-июнда Лев Толстой жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен табылган. Маркумдун курагы болжол менен 50- 55 жаштар чамасында.
Белгилери: бою 160 - 165 см, дене түзүлүшү орто, чачтарын ак аралаган, көзү күрөң, бети сүйрү кара тору, сакалы бар.
Бул адам тууралуу маалымат билгендер болсо (0312) 56-82-60 0 (551) 10-21-62; 0(552)10-22-71 номерине кайрылууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content4106
Добавить комментарий ×