21-майдан бери изделип жаткан майып аялдын сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Жалал-Абал областынын Аксы районундагы эс алуучу жайга баруучу көпүрөнүн түбүнөн 2-топтогу майып аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу бул тууралуу аталган областтын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ күнү аталган райондун Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан “Орбита” лагерине өтүүчү көпүрөнүн түбүнөн аялдын сөөгү табылган. Маркум Кербен шаарындагы Ак-Дөбө айылынын 2-топтогу майып А.Г. аттуу тургуну экени аныкталган.
Куткаруучулар менен туугандары анын денесин 21-майдан бери суудан издеп жатышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content4093
Добавить комментарий ×