Баткенде үйүнөн чыгып кетип келбей калган жергиликтүү тургун изделүүдө
Поделиться в:
Баткенде 45 жаштагы жергиликтүү тургун үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты
Баткен облусунун Баткен районунда, 5-июль күнү Кыштут айыл аймагына караштуу Саян айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен, бирок кайткан эмес
ӨКМнин куткаруучулары, жергиликтүү элдер менен бирге издөө иштерин жүргүзүшкөн. Жоголгон адам табылган эмес.
Издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, Райондук ИИБнөн 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.
17-июль күнү издөө иштери улантылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content4092
Добавить комментарий ×