18-июлда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

18 июля 2017 10:03 572 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 18-июлда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, күндүз тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32; Талас аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +26...+31; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34; Баткен дубанында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33; Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26; Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27;

Бишкек шаарында 8-20-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +30...+32 градус ысык болот.

Ал эми 19-20-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4078



Добавить комментарий