Азимбек Бекназаров президенттик шайлоодо ат салышат

17 июль 2017 17:43 410 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 
Туруктуу элдик кеңештин төрагасы Азимбек Бекназаров президенттик шайлоодо ат салышат. Анын талапкерлигин көрсөтүү сунушу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Улуттук мекенчил күчтөр биримдигинин кезексиз курултайында көтөрүлдү. Бул тууралуу "аzattyk.kg" билдирет. 
 
Спорт сарайындагы бул жыйын биримдиктин атынан президенттикке талапкер көрсөтүү максатында уюштурулган. Бекназаров президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен бармакчы.
 
Азимбек Бекназаров 2005-жылы да, 2010-жылы да анын улуттук баалуулуктарды көтөрүү багытындагы демилгесин саясий өнөктөштөрү кабыл алып, бирок кийин ишке ашыруудан четтеп кетишкенин белгиледи. Буга байланыштуу башка этностор менен биргеликте кыргыздардын улуттук кайра жаралуусун көздөгөн саясий тутумду иштеп чыгып, аны аткаруу үчүн президенттик шайлоого катышууга бел байлаганын айтты.
 
Курултайга Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Ишенбай Кадырбеков, Бөдөш Мамырова, Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар конок катары катышууда.
 
Президент жарышка катышууга буга чейин БШКга 29 кишиден арыз түшкөн. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content4063



Добавить комментарий