Тажикстандын 2600дөн ашуун жараны Түркиянын "кара тизмесине" киргизилди

17 июля 2017 16:52 541 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстандын 2600дөн ашуун жараны мындан ары Түркияга бара албайт. Түркия ИИМинин 14-июлда ИМ тобу менен күрөшүү боюнча жарыялаган баяндамасына ылайык, бул кишилер террордук уюм менен байланышы бар деп шектелүүдө. Мындан улам түрк бийлиги чет өлкөлүктөрдүн Сирия жана Ирактагы согуш аймактарына Түркия аркылуу өтүү аракетинен кооптонууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Түркиянын миграция кызматы быйыл 16-июнга карата түрк-сирия чек арасынан 308 тажикстандык жаранды кармап депортациялаган. Маалыматтарга караганда, алардын баары экстремисттик топторго кошулууга аракет жасашкан.

"Кара тизмеге" жалпысынан 146 өлкөнүн 54 миңдей жараны киргизилген. Борбор Азиядан бул тизмеге илингендердин көбү тажикстандыктар – 2651 киши, казакстандыктар – 1914. Орусия жарандары 4128 кишини түзөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content4059



Добавить комментарий