Бутунун баш бармагын колуна алмаштырып салышкан

17 июля 2017 15:53 1039 Barometr
Поделиться в:
ok
 
“20 жаштагы ферма жумушчусу Зак Митчелди бука сүзгөндө анын оң колунун баш бармагын жулуп кеткен. Хирургдар автралиялыктын манжасын аман алып кала албагандыктан, бутунун баш бармагын колуна салып алмаштырышкан”,- деп “Сегодня” сайты маалымдайт.
 
Окуя эки ай мурун болгон. Кутурган бука жаш жигитти болгон күчү менен кашанын дубалына кысып таштаган.
 
Бирок дарыгерлер анын манжасын аман алып кала алышкан эмес. Ал Перт штатынын борборуна учак менен жеткирилген.
 
Дарыгерлер жулунуп кеткен манжаны ордуна салуу үчүн Митчелге үч айда эки жолу операция жасашкан. Өкүнүчкө карай баары ийгиликсиз аяктаган.
 
Ошондон кийин хирургдар жаш жигиттин бутунун баш бармагын колуна алмаштырып салууга көндүрүшкөн. Митчелл алгач каршы болгон, бирок көп ойлонуп, макулдугун берген. Ошентип эки жума мурун Сидней ооруканасында сегиз саат бою дүйнөдөгү сейрек кездешкен операция жасалган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content4055



Добавить комментарий