Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкерлигин расмий түрдө көрсөттү
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын 2017-жылдын 15-июлундагы чечими менен, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Сооронбай Жээнбековду талапкер катары көрсөткөн чечими келип түштү. Бул туурасында БШКнын расмий сайтында маалымдалды.
2017-жылдын 15-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-КР Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 23 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан).
-КР Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы).
Ссылка: https://barometr.kg/content4041
Добавить комментарий ×