Билим берүү министрлиги 2017-жылдагы аттестаттарга жараксыз деп жазды. Ата-энелер шок болууда
Поделиться в:
2017-жылдагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн орто билим тууралуу аттестаттарына “документ жараксыз” деп ката жазып беришкен. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө колдонуучулар маалымдашты.
Табелдин кыргызча бөлүгүндө орто билим тууралуу аттестат жараксыз деп жазылган. Колдонуучулар бул документ жарактуубу же жараксызбы деп баш катырышууда.
Парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев быйыл орто мектепти бүтүргөн 30 миң окуучунун аттестаттары жараксыз болуп калабы деп суроо салды. Ал ошондой эле Россиянын жогорку окуу жайлары бул документти кабыл албай жатканын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content4039
Добавить комментарий ×