“Ааламдын” лидери Арсланбек Малиев президентикке ат салышат
Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык кыргыз коомдорунун бирлигинин президенти, "Аалам" саясий партиясынын лидери Малиев Арсланбек Касымакунович президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга арыз жолдоду. Бул тууралуу кечээ, 16-июлда БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмүнөн билдиришти.
Малиев 1957-жылдын 8-октябрда туулган. Ал өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүп жатат.
16-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 24 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев).
Ал эми өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков -«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы).
Ссылка: https://barometr.kg/content4028
Добавить комментарий ×