Нурбек Элебаев, КРнын эмгек сиңирген экономисти: «Быйылкы жетишкендиктер көбүнчө социалдык сферага тийиштүү болду»
Нурбек Элебаев, КРнын эмгек сиңирген экономисти: «Быйылкы жетишкендиктер көбүнчө социалдык сферага тийиштүү болду»
-Нурбек Беккулович, Быйыл Кыргызстанда кандай социалдык экономикалык жетишкендиктер болду?
- Быйыл Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүдө чон жетишкендиктер болгон жок. Ири экономикалык долбоорлор тилекке каршы аткаралбагандай эле калды. "Кумтөрдүн”айланасындагы талаш-тартыш азырынча компромиске келбей жатат. Орусия менен биргелешкен Нарын дарыясында ири курулган энергетикалык долбоорлор кризис учуру болгондуктан инвестиция табылбай курулбай турат.«Жерүй алтын» кендин долбоору азырынча иш ашурууга киргизген эмес. Жана «Мегакомдун» акцияларды сатып алууга ылайыктуу инвесторлор табылган эмес. Быйылкы жетишкендиктер көбүнчө социалдык сферага тийиштүү болду. Биринчи кезекте бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Ысык-Көлдө өткөнүн айтсак болот. Экинчи Кыргызстандын чон жетишкендиги биздин «Азия Микс» деген команданын КВНдин чемпионатында биринчи орун алгандыгы болду. Башка жетишкендиктерди көрө алган жокмун.
-Ушул учурда сиздин эмгек сиңирген экономист адиси катары келерки жылы Кыргызстандын өкмөтүнө сунуштарыңыз барбы?
-Мен өзүм мурда эки жолу өкмөттүн курамында иштедим. Ошондуктан ушул жалпы маселелерди биз эмне үчүн аткара албай жаткандыгыбыздын маселесин жакшы билем. Ушуга байланыштуу азыркы Кыргыз өкмөтүнүн курамына сунуштарым бар. Инвесторлор менен иштеп келген стандарттарды жана ыкмаларды өзгөртүүгө аракет кылыш керек. Бизге бардык жагынан инвестор ишенип, биздин мамлекет алардын инвестицияларына толук колдоону жана коргоону бериш керек. Мында өкмөткө инвесторлорду издөө процесинде, расмий каналдар гана эмес да башка инвестициялык чөйрөгө брокерлеринин жана консультанттарды пайдаланышы зарыл. Ошондо реалдуу инвесторду тапканга жол ачылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content402
Добавить комментарий ×