Балдардын тамак ашына каражат көбөйтүлөт

28 декабря 2016 20:21 459 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул тууралуу расмий билдирүүнү өкмөттүн  маалымат кызматы таратты.  Маалым болгондой  өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков  Социалдык тармактагы мекемелердин тамак менен камсыздоо боюнча акчалай ченемдер жөнүндөгү  токтомго кол коюп бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди.  Базар баасындагы балдар жечү азык түлүк,  ун азыктарынын, эт продукцияларынын  баалары көтөрүлүп, өкмөт бекитип берген акча тамактануу нормаларына дал келбегендиктен, жалпы билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларынын тамак-ашына болгон суроо-талапты камсыз кылуу максатында бөлүнгөн каражаттын суммасын көтөрүү муктаждыгы келип чыккан. Токтомго ылайык Баткен, ОШ, Жалал-Абад, Ыссык-Көл областтарындагы  жана Бишкек шаарындагы 398 көркөм-өнөр мектеп-интернатындагы тарбиялануучуларга тамак-ашка каралган акчанын өлчөмү 40 сомдон 110 сомго чейин көтөрүлгөнү белгилүү болду. Кошумча керектелүүчү каржынын баары республикалык бюдджеттен сарпталат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content401



Добавить комментарий