Нурбек Алимбеков кызматын тапшырды
«Кыргызстан» фракциясынын депутаты, вице-спикер Нурбек Алимбеков дипломатиялык иште калпыстык кетиргендиги үчүн кызматынан кетти. Тайван Тынч океанында жайгашкан арал жана Кытай Тайванды өзүнүн аймагы катары эсептейт. Мына ушул Тайванда вице-спикер 3 жолу барып, расмий бийлиги менен да жолугуп кайткан. Мындай калпыстык үчүн өзүнүн кызмат ордун тапшырып жөнөкөй депутат болуп калды. Бул тууралуу өзү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирип кетирген катачылыгын мойнуна алды. “Биз Кытай менен стратегиялык кызматташтыкка маани беришибиз керек. Биз тараптан күнөө кеткенин моюнга алуу менен вице-спикерлик кызматты өз ыктыярым менен тапшырам”-деп билдирүү жасап көпчүлүктү таң калтырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content399
Добавить комментарий ×