Жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн транспорттук каражатын эвакуацияланып, дөңгөлөктөрүнө блокиратор тагылууда

14 июля 2017 15:24 517 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2017-жылдын 29- апрелинен бери жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн транспорттук каражатын эвакуацияланып, дөңгөлөктөрүнө блокиратор тагылып ж.б. чаралар көрүлүп келүүдө. Автоунаасынын дөңгөлөктөрүнө тагылган блокираторду өз эрки менен чечүүгө аракет кылган жарандарга жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет.
Транспорттук каражаттарды милдетүү түрдө эвакуациялоо “Эвакуатор” 7.21, 3.27-3.30, 5.12-514 белгилери орнотулган жол жээктеринде колдонулат.
Транспорттук каражаттарды милдеттүү түрдө эвакуациялоо айып пул төлөөчү атайын автоунаа токтотулган жайга жеткирилет. Акча каражатын төлөө түзүлгөн тарифке жараша болот жана биринчи үч сааты бекер. Транспорттук каражаттарды милдетүү түрдө эвакуациялоо боюнча маалыматты “102” телофону аркылуу билип алсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Транспорттук каражаттарды милдеттүү түрдө эвакуациялоого дуушар болбош үчүн жарандарга жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын так аткарууну сунуш кылат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3979



Добавить комментарий