Петербургдагы өрттөн Өзбекстандын жети жараны каза болду

14 июля 2017 10:12 519 Barometr
Поделиться в:
ok

13-июль күнү түнчүндө Санкт-Петербургдагы кампадан чыккан өрттөн жети киши каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Алардын сөөктөрү кампанын урандыларын тазалоо маалында табылган. Анда тротуарга төшөлө турган таштар өндүрүлгөн.

Тилсиз жоо каптаган жердин жалпы аянты 600 чарчы метрди түзгөнү кабарланууда. Азырынча өрттүн чыгышына эмне себеп болгону аныктала элек. ТАСС каза болгондордун бардыгы тең Өзбекстандын жарандары болгонун билдирүүдө.

Орусиянын Санкт-Петербург боюнча тергөө комитети бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ссылка: https://barometr.kg/content3960



Добавить комментарий