Өзбек кыргыз мамилесиндеги муз жарылды
Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барып келди. Иш сапар учурунда эки президенттин сүйлөшүүлөрү канча жылдан бери тоңуп турган кыргыз өзбек мамилесин бир топ алдыга жылдырды. Буга чейин эки бийлик тең тең ата сүйлөшө албай пансионаттар толугу менен Өзбекстандын пайдасы үчүн иштеп, миллиондогон акчалар кыргыз бюджетине түшпөй келген. Бул тууралуу Экономика министри Арзыбек Кожошев атайын билдирүү жасап "Эмне үчүн буга чейин маселе чечилген эмес? Алардын колунда көп рычагдар, мисалы газ болгон. Ошондой эле биз Борбор Азия бириккен энергетикалык алкакта болчубуз. Эми "Датка — Кемин" электр линиясы курулгандан бери энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетиштик. "Түндүк — Түштүк" альтернативалык жолу курулуп жатат, "Газпром" көгүлтүр отунга байланыштуу маселебизди да чечти",деп билдирип келген. Мына эми президентибиздин иш сапарынын жыйынтыгынан улам ордунан козголбой турган кыргыз өзбек мамилеси жакшырып иш жакшы жакка бурулду. Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзёевдин билдиргенине караганда маркум өзбек лидери Ислам Каримов дагы маселелерди чечиш үчүн Октябрь айында Кыргызстанга келүүнү пландап жаткан экен. “Мага Ислам Абдуганиевич Кыргызстанга октябрь айында барабыз, даярдан деп айтып жатты эле. Тилекке каршы Кудайдын буйругу менен минтип сиз келип олтурасыз. Биз өзбек кыргыз мамилесинин жанданышына кызыктарбыз” деди өзбек лидери. Мындан сырткары президент менен бирге Самаркандагы өзбек-немис Man Auto-Uzbekistan биргелешкен ишканасын кыдырып чыгышкан. Эми ушул заводдон чыккан автобустар, оор жүк ташуучу машинелер, Кыргызстанга экспорттолору тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки тараптын пикири келишсе анда биз Өзбекстандан чыккан автобустар менен оор жүк ташуучу машинелерди көрүп калышыбыз сөзсүз мүмкүн. Мындан сырткары Алмазбек Шаршенович чек ара маселесин да жөнгө салуучу убакыт келгендигин айтып “Өзбекстан менен чектөөлөрдү алууга мезгил келди. Адамдар чек араларды сезбеши үчүн биз баарын жасашыбыз керек, - деп көп адамдын жүрөгүндөгү көйгөйлөрдү айтты. Бул күнү кыргыз лидери бекеринен Өзбекстанга иш сапары менен барган жок. Дал ушул күнү мындан 20 жыл мурун Ташкентте Өзбекстан менен Кыргызстан ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюлганы маалым. Демек, 20 жылдан кийин дал ушул күнү кызматташтыктын жаңыча барагы ачылды. Жайыты бир, жайлоосу бир, тили окшош, дини бир, салты окшош, тарыхы канатташ өзбек калкы менен жакшы мамиледе болуубуз абзел. Улуу кыргыз эли бекеринен алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дейт. Саясый тирешүүлөрдү токтотуп, экономикалык жактан алакада болуп мамлекеттин жашоосун оңдоого убакыт келип жетти. Эки элдин ынтымагы саясый жактан бекем болсо чек арада жашаган кыргыздарга да зор пайдасы тийет. Ынтымак бар жерде ырыс бар эмеспи.
Ссылка: https://barometr.kg/content394
Добавить комментарий ×