Кафеде өрт чыгып эки адам күйүп калды, бирөө каза тапты
Поделиться в:
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы “Встреча у Дастана” кафесининде өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, каза болгон жарандын аты жөнү такталды. Ал кафенин ашпозчусу 1970- жылы туулган Т.У. (аял киши) Нурдар айылынын тургуну болуп чыкты. Ал эми экинчи ашпозчу тутунгө ууланып, оор абалда ооруканада. Аты жөнү такталууда.
"Жалын тутанып, кафенин жыгач устундуу темир жабылган аянты, 336 чарчы метр чатыры жана пластик шыбы, 8 даана пластик эшик, 10 даана пластик терезе, 3 даана диван, 5 даана кресло, 5 даана килем, 10 даана төшөк, 4 даана стол, 4 даана стул күйгөн, 1 газ баллон жарылган",-дейт ӨКМ.
Ссылка: https://barometr.kg/content3932
Добавить комментарий ×