Кадамжайда катуу сел жүрдү
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында 11-июлда саат 18:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кулду айылында, Орозбеков айылынын Учкун, Гузар участкаларында сел өтүүчү сайларынан сел суулары агып, натыйжада селдин агымынан электр мамычалары, ички чарбалык арыктар, жолдор зыянга учураган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Мындан улам Орозбеков айыл аймагында электр энергиясы атайын өчүрүлгөн. Адам өмүрүнө жана турак жайларга зыян келтирилген эмес.
Селдин кесепетин жоюу үчүн райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КРнын ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Калка жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы башчысы, КРнын ӨКМ Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы, Ош ПВЭС ишканасынан 1 бригада (12 адам), 1 автокран, КР ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү департаментинин адиси тартылган.
Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, төмөнкүлөр аныкталган:
Орозбеков айылында 1 турак үйдү сел толугу менен бузуп кеткен, 4 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, 6 турак үйдүн короолоруна сел калдыктары толгон. 3 ички чарбалык көпүрөнү сел агызып кеткен, 300 метр ички чарбалык жол, 500 метр ички чарбалык арыктар кум шагылга толгон.
Ош-Айдаркен унаа жолунун 135-чакырымдагы көпүрөнүн сол жээгин сел суулары жууп, жанындагы чоң чыңалуудагы электр мамысы жыгылып көпүрөнү басып калган. Ош ПВС ишканасынан 1 бригада тартылып, унаа жол бир тараптуу ачылган.
Кулду айылында 6 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирип, 9 турак үйдүн короолоруна сел калдыктары толгон. 4 ички чарбалык көпүрөнү сел агызып кеткен, 700 метр ички чарбалык жол, 1 чакырым ички чарбалык арыктар кум шагылга толгон.
Кадамжай шаарындагы “Автобаза” участкасында көпүрөнүн оң жээгин сел суулары жууп, авариялык абалга келген. 5 чоң чыңалуудагы жана 10 электр мамычаларынын сел суулары бузуп кеткен. Тактоо иштери 12-июль күнү улантылат. Кошумча маалымат берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/content3929
Добавить комментарий ×